Өкмөт башчы өткөн жылдагы бюджеттен 7,7 млрд. сом үнөмдөп калганын айтты.  Ал кайсы жактан же тармактан үнөмдөлдү? Ал туура же туура эмес болгонбу? Ошону так көрсөтүп бергиле. Мындай талапты депутат Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт өкүлүнө койду.

Төрөбай Зулпукаров: “Анткени Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүндө Сүйүмбаев мектебинин спорт залы бар. Анын спорт залын оңдоо үчүн 3-4 жылдан бери бюджетке киргизет бирок, бүтпөй келет. Ошолордон үнөмдөбөй бюджетке кирип калган мектептердин акча каражатын чечип койбойсуздарбы”,-деди.

Мындан сырткары эл өкүлү Ноокат районунда 500 орундуу чоң мектептин жылытуу системасы иштебей, окуучулар пальто менен окуп жатышкандыгын айтты. Кадамжай районунун Арал айылында айыл өкмөтүндө социалдык мекемелер жок экендигине, Жаныбеков орто мектеби ашар жолу менен курулуп, эскилиги жетип араң тургандыгына токтолду.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.