Статистикалык маалыматтарга караганда, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча ички иштер органдары тарабынан берилген коргоо ордерлеринин саны 2012-2018-жылдар аралыгында 2415тен 7114кө чейин өсүп жеткен. Ал эми сот тарабынан каралган үй-бүлөлүк зомбулук боюнча администрациялык укук саны 2012-жылы 716 болсо, 2017-жылы 2547ге жеткен же 3,6 эсеге өскөн.

Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Памир Асанов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын маалыматына караганда, зомбулук негизинен ичкиликке байланыштуу, андай жосундар 70 пайызды түзөрүн, зомбулуктар көбүнесе эркек адамдар тарабынан жасалып жатканын, статистика көрсөткөндөй, аялдар тарабынан жасалган зомбулуктар да жок эмес экенин билдирди.

Ички иштер министринин орун басары Памир Асанов: “Айрыкча чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын балдары зордук-зомбулукка көп кабылууда”, – деди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.