13-декабрда Хабаровскийде 73 эмгек мигрантыбыздын омондор тарабынан токмоктолушу жалпы элибизди тынчыздандырып жатат. Биз эмгек мигранттарыбызга көңүл бурушубуз керек. Мындай пикирин эл өкүлү Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат Зиядин Жамалдинов:  “Биз Евразия экономикалык биримдигине кошулуунун максаты да  мигранттарыбызга жеңилдик болсун дегенбиз. Тилекке каршы биздин эмгек мигранттары аябай көп кордуктарды көрүп жатышат. Ар кандай жаман көрүнүштөр болууда.

Ошондуктан Тышкы иштер министрине,  миграция кызматына тапшырмаларды берип, ошолорду  чакырып, угалы. Мигранттарды көзөмөлгө алышсын. Эмгек мигранттар биздин экономикага аябай чоң көмөк кылып жатышат. Аларга колдоо болушу зарыл”,-деди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.