Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары күн тартибиндеги ар кандай маселелерди айтышууда.

Депутат Зиядин Жамалдинов: “Эйр Кыргызстан” аттуу авиакомпаниясы бар. Ал жерде Жолдош Бектурганов жетекчи болуп иштейт.

Эки, үч жылдан бери авиакомпанияда бир да учак калбаптыр. Авиакомпанияда иштеген кызматкерлер жумушсуз калгандыгы тууралуу жазбаган жерлери калган жок. Бектурганов эки орун басары менен маяна алып иштеп жатат. Буга чейин да ал кишинин жоопкерчилигин кароо тапшырмасы берилген. Бирок, ал тапшырма аткарылган жок.

Ал кишини ким калкалайт десе, өкмөт башчы өзү калкалайт экен. Ошон үчүн ошол жерде иштеп келе жатат. Президенттин өкүлүнө айтат элем. “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясын көзөмөлгө алып, чара колдонбосо болбойт. Себеби, президентибиз коррупцияга каршы иш жүргүзүп келе жатат. Бирок, ошо мезгилде эле өкмөт коррупционерлерди колдогондугу туура эмес. Буга чейин аталган авиакомпаниясынын 75 пайыз акциясын сатууга койгон. Эч ким албай жатат. Өкмөт ойлоп жатса керек,  ал ишкананы сатып, жетекчиликти жоопкерчиликтен куткарып кетебиз деп”,-деди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз