Жыл башынан бери экспорт жогорулаган
Республиканын тышкы соода ишмердиги, алдын ала маалыматтар боюнча 2019-жылдын январ-мартында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,5 миллиард АКШ долларынан ашыкты түзүп, 2018-жылдын январ-мартына салыштырмалуу 3,3 пайызга төмөндөгөн. Ошону менен бирге, импорттук келип түшүүлөр 8,7 пайызга төмөндөгөн, ал эми экспорт 13,7 пайызга жогорулаган.
ЕАЭБке мүчө мамлекеттер менен, 2019-жылдын январ-мартында өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 509,5 миллион АКШ долларын түзүп, 2018-жылдын январ-мартына салыштырмалуу 3,5 пайызга төмөндөгөн. Анын ичинде, экспорт 18,7 пайызга төмөндөгөн, ал эми импорт 1,9 пайызга жогорулаган.
ЕАЭБ мүчө-мамлекеттер менен республиканын соода жүгүртүүсүндө эң чоң үлүштөр Россия менен 61,0 пайызды жана Казахстан менен 37,8 пайызды түзгөн.
Мындай маалымат Улуттук стат комитетинин билдирүүсүндө белгиленди.