Журналист Болот Темировго кол салууга шектелип 4 адам кармалды. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалгандардын Жалал-Абад облусунун тургундары экендиги айтылууда. 

Алар учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, “FactCheck.kg” сайтынын редактору Болот Темировду 9-январь күнү саат 12:45 чамасында Бишкек шаарынын Эркиндик бульварынан азият үлгүсүндөгү белгисиз жарандар сабап, жанындагы уюлдук телефонун алып качып кетишкен. 

 

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.