Борбордогу мыйзамсыз курулган курулуштарды алууда ар бири ызы-чуу менен коштолот. Кээде мыйзамсыз жайга ээлик кылгандар мэрия кызматкерлерине кол көтөргөнгө чейин барышып, колу-буттары сынган учурлар катталган. Ал эле эмес, телефон чалып, тапанча же бычак менен коркуткан көрүнүштөр да бар. Убактылуу кожоюндар курулушу мыйзамсыз экенин билип туруп түрттүрбөй алып калуунун амалын издеп, түрдүү кадамдарга барышат. Күрөө тамырын кесип, балдарына кошуп өзүнө от койгон жагдайлар аз эмес. Ушундай эле көрүнүшкө кечээ биздин каналдын тартуучу тобу да кабылып, натыйжада камера жарактан чыкты.

 

 

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.