27-апрелде Бишкекте иш жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги кабарлады. Уюштуруучулар 50дөн ашык ири компания жумушчу издеп жаткандыктан, иш сурагандардан бир канча резюме чыгара келүүсүн өтүнөт.

«Жарманкеде иш берүүчүлөр менен таанышып, кызыктырган суроолорду түз бере аласыз. Ошондой эле компаниянын адистери иш тажрыйбасы менен бөлүшөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чара саат 10:00дөн 15:00гө чейин Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында болот. Ошондой эле министрлик квалификациясын жогорулатууну каалагандар үчүн чеберчилик сабактарды уюштурат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.