Өлкөнүн туристтик аброюн коргоо максатында терс маанидеги маалыматтарга көзөмөл кылып, алардын жарыяланышына бөгөт коюу боюнча Дубайдын жакшы тажрыйбасы бар. Муну Өкмөт өз ишинде колдонуу чараларын көрүшү керек. Бул тууралуу депутат Кубанычбек Жумалиев Жогорку Кеңештин атайын комитетинде  Аба кодексинин аткарылышы жаатында маалымат угулуп жатканда билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Кубанычбек Жумалиев: “Ооба, бизде демократия бар, бирок, ар кандай маалыматтарды ылгабай жарыялай берип, анын чегинен чыгып да кеттик окшойт. Алтургай, КТРК деле маалыматтын жаман-жакшысын ылгайбай калды. Өкмөт муну колго алып, өлкөнүн туристтик аброюна шек келтирген маалыматтардын жарыяланышын жөнгө салуу чараларын иштеп чыгышы зарыл. Ансыз туризмди өз деңгээлинде өнүктүрүү кыйын», – деди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.