Тергөө абагында жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев 14-апрелге чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 31-мартта кабыл алды.

Жумалиевге карата тандалган баш коргоо чарасынын мөөнөтү узартылды. Кубанычбек Жумалиев УКМК тарабынан коррупцияга шектелип кармалган. Атайын кызматтын маалыматына караганда, Жумалиевге таандык Эл аралык медициналык университетке лицензия берүүдө коррупциялык схема аныкталган.

Мындан тышкары, Жумалиевге байланыштуу адамдар тарабынан кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана салык төлөөдөн баш тартуу, мыйзамсыз баюу фактылары аныкталган. 4-февралда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жумалиевге Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү – «коррупция» менен иш ачылган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.