Бүгүн 9-май- Улуу жеңиш күнүнө 73 жыл толду. Анын урматына борбор калаа Бишкек шаарындагы жеңиш аянтында согушта курман болгон жоокерлерди эскерүү митинги өтүп, ага өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков баш болгон премьер-министр, шаар мэри, жогорку бийлик өкүлдөрү жана калаа тургундары катышты. Иш чаранын расмий бөлүгүндө прзидент Кыргызстандыктарды жеңиш күнү менен куттуктап, андан соң ардагерлерге ысык тамак берилди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.