Соцтармакта жол кырсыгынан кийин жол жээгине төгүлүп калган спиртти тургундардын чакалап куюп алып жатканы түшүрүлгөн видео тарап кетти.

Маалыматка ылайык, бир нече күн мурда Алматы-Екатеринбург багытында жол кырсыгы катталган. Анда жүк ташуучу унаанын 60 жаштагы айдоочусу рулга ээ боло албай калып, оодарылып кеткен.

Бактыга жараша кырсыктан эч ким жабыр тарткан эмес.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз