Үстүбүздөгү жылдын 9-майында күүгүм талаш Кемин шаарчасынын чыгышындагы кан жолдо каргашалуу жол  кырсыгы болуп, анда 4 адам бейкүнөө  каза болду. Кырсыкты көргөндөрдүн айтуусунда, ичкиликке тоюп алып эсирген бала жол тартибин одоно бузуп, үзгүлтүксүз  сызыктан чыгып, экинчи жол тилкесинен өтө айдап, каршысында келаткан унаанын сол маңдайын сүзгөн. Натыйжада бир үй-бүлөдөн беш адам (алардын экөөсү  3 жана 15 жаштагы балдар) оор кырсыкка учурап, үчөөсү кырсык болгон жерде жан берген. Сүзгөн унаадагы айдоочунун жанында отуруп бараткан жүргүнчү кыз да ошол жерде мүрт  кеткен. Ушул кырсык боюнча жабыр тарткан үй-бүлөнүн бир тууган агасы Аскарбек Беделбаевдин өз оозунан угууну туура көрдүм.

Аскарбек Беделбаевич, мындай кырсыкты адам башына салбасын. Сиздин бир тууганыңыз Орозбаев Нурлан Беделбай уулу, келиниңиз Жыпаркүл жана бир тууганыңыздын келини Маратбек кызы Милана жана берки сүзгөн жеңил унаадагы айдоочунун жанында отуруп бараткан кызда каза болгон экен. Жабыр тартуучу катары айтсаңыз, кырсыктын себеби кандайча болгон?

 – Өх, мындайды адам баласынын башына салбасын. Бир күндө 3 адамдан айрылдык. Бул кайгылуу окуяны көргөн, билгендер көп болгон. 9-майда күүгүм талаш Кемин шаарчасынын чыгыш жагында ГЭСтин тушунда болуп жатпайбы. Кечке ичкиликке тойгон Ражапов Улук деген, бөтөлкөлөш достору менен Ак-Түздөн бери үч машина болуп жол бою жарыша кубалашып келе берет. Бери жактан жабыркаган жеңил унаадагылар өз жолунун тилкеси менен чыгышты карай бараткан болот. Катуу ылдамдыкта ичкиликке тойгон алиги айбан жол эрежесин одоно бузуп, үзгүлтүксүз жол сызгынан өтүп барып экинчи жол тилкесиндеги өз жолу менен  каршысындагы келаткан унаанын сол маңдайын катуу сүзүп жатпайбы. Натыйжада 4 адам каза болду. Ушул кайгылуу кырсык болгон жерге тез жардамдан да эрте келген Ражапов Улуктун жакын адамдары, заматта окуяларды бурмалоо аракеттерин жасашкан. Автоунаанын ээси Ражапов Улук Кемин шаарчасындагы жолду эксплуатациялоо башкармалыгынын баштагы жетекчисинин эрке уулу, Кемин районунун жакында эле кызматтан алынган акими Дуйшебаев Жумгалбектин иниси экен.

Булар баардык окуянын себебин билишкен, анткени окуя болгондугу жөнүндө беркилер кабарлашат. Ошентип, жасаган кырсыктан кургак чыккылары келишкен. Анткени У.Ражаповдун атасы, агасы, райондук ички иштер бөлүмүнүн жана мамлекеттик автоинспекциянын башчылары баштаган “чиновниктер” заматта жетип келишип, У.Ражаповдун унаасындагы мүрт өлгөн кызды, У.Ражапов отурган рулга олтургуза коюшуп, баласын жашырып калуу максатында окуя болгон жерден тезинен ооруканага алып кетишет да, кырсык болгон жерди эч кимдин уруксаты жок эле заматта тазалап салышат. Эгер алар ак болсо, жол кырсыгын бузбаса, рулдагы жигит ичимдик ичпесе, эмне үчүн ошол жердеги оор абалда жаткан оор кырсыкка учурагандарды ооруканага алып кетишпейт же алгачкы жардамдарын беришпейт. Ал жерге тезинен жетип келгендер атайын көрсөтмө алышканы байкалып турбайбы. Ал жерде көп нерселер суроолуу бойдон кала берген. Мында укук коргоо органдарынын кызматкерлери, окуя болгон жерди текшерүүдө да, экспертизадан өткөрүүдө да иштерди мыйзамга ылайык жүргүзбөстөн, арыдан-бери буйдамалашып, бир саатка жеткирбей сүзгөн унааны жолду эксплуатациялоо башкармалыгынын унаасына жүктөп алып кетишет.

Мындай убакта, биринчи чара кырсык болгон жердеги жабыр тарткандарга тез жардам көрсөтүү керек эле. Андан кийин кырсыкты аныктоо актысы түзүлүп, карталары чийилип, сүрөттөр тартылып, күбөлөрдү көрсөтмөлөрү болушу керек эле да. Андай нерселер болгон эмес бекен?

 – Аларга адам өмүрүнөн да жолду эксплуатациялоо башкармалыгын унаасын жүктөп кетүү жогору турган, алардын аракетинен эле кылмыштын элементтери көрүнүп жатпайбы. Адамдык абийри таза болсо, экинчи унаадагы жол кырсыгынан мүрт кеткен 49 жаштагы Нурлан Беделбай уулу менен жубайы Жыпаркүл, оор жаракат алган 21 жаштагы келини Милана менен 3 жашар кызы жана 15 жаштагы баласы бир саатка чукул жол боюнда кароосуз калбайт эле да. Жалдырап жардам сурап жаткан келинге, анын уулуна жана кызына тезинен эмнеге жардам беришкен эмес? Тез жардам машинасы окуя болгон жерге араң дегенде түнкү саат 21:30 келип, ооруканага  алып кетишет. 5 мүнөттүк жолго тез жардамдын кеч келиши сүйлөшүлгөн нерсе деп түшүнсө болот. Райондук оорукананын врачтары учурунда жардам көрсөтпөгөндүктөн, түн жарымында жабыр таркан машинедеги келин жан берип, үч жаштагы кыз акы төлөнүүчү тез жардам менен Бишкектеги балдар ооруканасына араң дегенде жөнөтүлүп жатпайбы.

– Мындай чоң кырсык болгон учурда, У.Ражаповдун наркологдор тарабынан соо же мас деген аныктамасы барбы?

 – Кептин баары ошондо болуп жатпайбы. Оруканадагы У. Ражаповдун соо же мас экендиги врачтар тарабынан аныктамак турсун, андан кан дагы алынбаган. Алар, шектүү баласын ушунчалык катканга аракет жасаганы айтпаса да түшүнүктүү да. Мындайда өзүнөн өзү суроо берилет, Кемин райондук ички иштер бөлүмүн кызматкерлери кай жакты карап жүрүшөт? – деген. “Азаттык” үналгысына маек берген врач аялдын У.Ражаповго берген суроосунда, “массыңбы десем унчукпай койду” дегенин кантип түшүнсө болот. Эмне үчүн врачтык милдетин так аткарган эмес? Ошол эле түнү башкы врачтын жолдомосу менен атасы баласы У.Ражаповду Бишкектеги № 4 ооруканага алып келип “эч ким кирбесин” деп сакчыларга кайтартып койгону, анын врачка айткан шылтоосу “жабыр тарткандар баламды өлтүрүп коюшпасын деп алып келдим” дептир. 4 адамдын өлүмүн чымын чакпагандай болгон атасына жол болсун. Бул боюнча унаалар кагылышкан сүрөттөрдүн өзү далилдеп турбайбы.

– Райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү тарабынан экспертиза иштерин жүргүзүшпөгөнүнө эмне себеп болгон, же бармак бастым, көз кыстымга барышканбы?

– Бул кырсыкты изилдөө иши тапшырылган  райондук тергөөчү Рүстөм Метеров, кырсык болгон жерде кылдат экспертиза жүргүзүп, камерага жана сүрөткө тартып алуунун ордуна “эки тараптын айдоочулары каза болгондуктан иш жабылат” деп жатпайбы. Ачуу келтире турган жагдай. Эртеси бул тергөөчү “Токмоктогу өлүкканада да ишим көп болуп жатат” деген шылтоо менен түшкө чукул келип, илең – салаң болуп жатпайбы. Жакындары кайгы-муңга чөмүлүп турганда, укук коргоо органынын кызматкеринин кайдыгерлиги, орой мамилеси анын да көрсөтмө менен иштеп жаткандыгы көрүнүп турбайбы. Сөзүм төгүн болбосун, 14-майда адвокат менен ага барганыбызда, анын али иш козгобогондугу, текшерүү иштерин баштабагандыгына күбө болдук. Бул тергөөчүнүн өзүм билемдиги жана ишке шалаакы, кайдыгерлик мамиле жасашынын натыйжасында, жол кырсыгынын катышуучулары  менен күбөлөр  такталган эмес. Эгерде ал мыкты, ыкчам тергөөчү болсо У. Ражаповго барып, андан кийин канды анализ чыгаруу ишин колго алат эле да. Анткендин ордуна, жакын турган Бишкек, Токмок, Кара-Балта шаарлары турса, 16-майда алыскы Караколго кандын анализин эмне үчүн жөнөтөт? Бизге түшүнүксүз. Бул аралыкта кандын анализин чыгаруу, мыйзамдагы ууру Батукаевдин вариантындай алмаштырып жиберсе керек деген шек жаралбай койбойт. Же мындай анализдер Чүй жергесинде жасалбайбы, Р.Метеров Караколдо өзүнө ушундай лаборатория таап алганбы? – деген суроо пайда болду.

– Жабырлануучулардын ар кандай инстанцияга кайрылууга укугу бар да, бул тергөөчүнү сотко бералдыңарбы?

– Биз жабырланган тарап, кайрылууларды баштагандан кийин гана иш Чүй облусунун ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп, жаңы тергөөчү иштерди иликтөө алды. Интернеттеги фейсбук, инстаграмда кайрылууларда кырсык тууралуу көптөгөн видеоматериалдар, маалыматтар жана үн кошуулар үзгүлтүксүз түшүп жатпайбы. У.Ражаповдун машинасында каза болгон кыздын уюлдук телефонуна тартылган селфи, ал гана эмес кыздын атасы У.Ражапов качып барып, жашырынып жаткан  № 4 ооруканага барып, анын денесиндеги, төшүндөгү көгала болгон тактарды, рулда олтурган кишинин аварияга мүнөздүү болгон таман сөөктөрүнүн сынышын тартып алышында, анын кылмышкер экенин айгинелеген далилдер турабайбы. Арсыз, абийирсиз жигит өлгөн кыз менен сүйлөшүп жүргөн имиш. Эгерде ал кыз менен сүйлөшүп жүрсө, кайсы бети менен аны өзү отурган рулга отургуза коюп, кара жапканга барат?

Дагы бир жагдайга көңүл бурайын. Жаңы тергөөчү ооруканага келгенче У.Ражаповду авария болгон жерден качырышкандай, ооруканадан да качырышкан. Бирок 16-майда Кеминдеги “Алтын кен” ишканасында кен иштетүүгө лицензия алуу тендерине катышууга балдакчан барган, аны көргөндөр  болгон. У.Ражапов жөн гана изин жашыруу максатында кылмыш күнөөсүнөн качып, ар кандай шылтоолорду издегени менен баари бир чындыктын бети ачылат. Эсирген бала, кайсы каражатына тендерге катышканы балдакчан барат? Мына анын жүзү. 4 адамдын өлүмүнүн убалы кимге, мындайды тескөөдө чындыкты чыгарчу орган адамдары бардыр… Бул жерде жетекчиликте иштеген Ражаповдордун туугандары уюшкан кылмыштуу иштерди жабып, жашырууга жасаган аракеттери ачык көрүнүп, билинип эле турбайбы. Шибегени капка ката албаган сыяктуу, акыйкат эртеби, кечпи өз ордун табат. Ал жерде кошо жүргөндөр, кылмыштын күнөөкөрүн көрүп, билип убактылуу жашырып коюшканы менен, баары бир абийир деген акыйкат аларды тынч койбос. Бүгүн аларга жалдырайт, эртең жароокерленет, бир гана нерсе – адамдын өмүрү менен өлчөнбөс кичинекей тыйынга алдаганга аракет кылышканы менен абийир сотун кантип алдашат, кантип кутулушат?

– Жанагинтип тергөө органдары кайдыгер мамиле жасаганы менен силер тарапта дагы тергөөгө ишине кошумча маалымат топтоп, тергөөгө жардам берейин деген инсандар барбы? Бул боюнча ойлор кандай?

 – Түшкөн маалыматтарга караганда, У.Ражаповдун бул гана эмес, буга чейин бир канча кылмыш ишине кириптер болгону билинди. Биринчиси, жакын досунун унаасын талкалап, досун биротоло майып коляскадан түшпөс кылып, өмүр бою майыпка айландырган. Экинчиси, Орловка шаарынан бир адамды айдап жүргөн унаасы менен сүзүп салып, атасы, аким агасы (башта Орловка  шаарынын мэри) жана коррупциялашкан укук коргоо органдарынын жардамы менен иши жабылып, суудан кургак чыгарып алышкан. Ошол окуяларда ички иштер кызматкерлери тарабынан адилет тергелип, сот тарабынан адилет жазасын алса, бүгүнкү күнү минтип 4 адамдын өлүмүнө кириптер болбос эле. Оор кырсык болгон күнү, У.Ражаповдун компаниясы райондун борборундагы дүкөндөн ичкилик алып, унаасын атырылта айдаганын, сайраңдан кайтканда жарышып келе жаткандыгын көргөн күбөлөр жана видеосүрөттөр сакталып турат. Үч унаанын ичиндегилер туура, калыс жүргөн адамдардын абийири ойгонсо, туура маалымат беришээр. Алардын арасында, райондук ж.б. деңгээлдеги ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери да болгон деген маалыматтар түшүүдө. Адилеттүүлүк менен адам укугун коргоого “ант” бергендердин арасында адамдык сапатын жоготпогон инсандар да бардыр. Каза болгондордун жакындарынын үмүтү ошолордо. Ал эми У.Ражаповдун жанында отуруп келатып каза болгон кыздын убал, сообу кимге? Жаш кыздын он гүлүнүн, бир гүлү да ачылбай У. Ражаповдун күнөөсү менен о дүйнөгө кете берди. Укмуштуунун төөсү жорго демекчи, өлгөн кызды да жөн койбой аны да жаманатты кылганга үлгүрүштү, мындайда “кудай” деп жакаңды гана карманат экенсиң.

Сөзүбүздүн аягында айтыла кетүүчү ой, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков коррупция менен уюшкан кылмыштуулукка каршы аеосуз күрөш жүргүзүп жатканда, Кемин районундагы жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринин чырмалышып  алышы, 4 адамдын өмүрүн алган кылмыш ишин бурмалап жабууга жасаган аракеттери тиешелүү органдар тарабынан текшерилип, күнөөлүүлөр татыктуу жазаларын алат деген ишеним зор.

Жабырланган тараптар, адилеттик үчүн өз алдынча иликтөөлөрдү жүргүзүшүп, кыйла маалыматтарды топтошконун жана адилеттүүлүк, чындык үчүн аягына чейин күрөшөөрүн билдиришти…

Маек курган – Кайнарбек Бийлибаев

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз