Жол коопсуздугун камсыз кылган кызмат адамдары функцияларына туура келбеген бир катар милдеттерди аткаруудан бошотулду. Бул тууралуу  Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Ички иштер тармагындагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери транспорт каражаттарынын айдоочуларынан төмөндөгүлөрдү текшерүүгө укугу жок:

– IV топтогу мүлккө (транспорт каражаттарына) салыктын төлөнгөнүн тастыктаган же аны төлөөдөн бошотулганын күбөлөндүргөн документти;

– транспорт каражаты менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу боюнча ишкерлик кылса, жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк же ыктыярдуу патент же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсүн;

– кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин же жүргүнчүлөрдү ташууда төлөм үчүн же жалдоо боюнча ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.