Жылына саналуу автобус сатып алып отурбай эле узак убакытка бөлүп төлөө жолу менен 800дү сатып алуу туура. Бул тууралуу Биринчи Май районунун акиминин биринчи орун басары Мавлян Аскарбеков коомдук транспортту жана инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча штабдын отурумунда билдирген. Аскарбеков азырынча коомдук транспортту алуунун каржы маселеси чечилбегендиктен ири заводдор менен сүйлөшүп, 3 жылдан 5 жылга чейинки аралыкта кутулуу жолун сунуштады. Ал жылына 100дү алып отурбай, 2 жылга 500дү сатып алууну пландаштыруу зарылчылыгын белгилеген. Ошондой эле, ыңгайлуу автобустарда жүрүүдө эл жол акысы үчүн 15-20 сом төлөөгө даяр деген пикирин кошумчалаган.

Мавлян Аскарбековдун жеке пикири боюнча Бишкек шаардык мэриясынын аппараты түшүндүрмө берди. Аскарбековдун айткандары анын жеке пикири экенин, маселе калаа бюджетинин алына жараша шаардык кеңеш менен макулдашылып чечилерин билдирди. Мавлян Аскарбековдун айткандары боюнча ага чара көрүлөт. Ушундан улам маршруттук унаалардын ордуна көп орундуу автобустарды алууга жана жол акыны 20 сомго көтөрүү боюнча кесиптештерибиз шаардыктарга суроо салып көргөн

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.