Бишкек шаардык мэриясы маршруттук унаалардагы жол кире акысын 12 сомго көтөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри Максим Ситников кабарлады.

Маалыматта, аталган демилгени эми шаардык кеңеш карап чыгышы керектиги айтылат. 

Маршруттук унаанын айдоочулары  мындан сырткары да, экинчи катардан кайрылып, жүргүнчүлөрдү каалаган жерден алып, түшүрүүнү да суранышканын вице-мэр билдирди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз