30 миңден ашуун абитуриент жогорку окуу жайларга кабыл алуунун I турунда талон таштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Абитуриенттердин 35%ы бюджеттик орундарга, 65%ы келишимдик негизде билим алууга талон салган. Ал эми 64 жогорку окуу жай тарабынан 17 миң 694 абитуриент кабыл алууга сунушталды. 10 миң 927 абитуриент тандаган окуу жай жана адистиги боюнча билим алуу ниетин тастыктады. Анын 2 миң 301и бюджеттик орундарда, 8 миң 626сы келишимдик негизде билим ала алат.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун II жана III турунун өтүү убактысы:

▪️ 2-тур – 27-29-июль, саат 14:00гө чейин – сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;

▪️ 3-тур – 3-5-август, саат 14:00гө чейин – сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү.

Ар бир тур аяктагандан кийин үч күндүн ичинде кабыл алууга сунушталган абитуриенттер ЖОЖдо окуу каалоосун тастыктоосу зарыл.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.