Парламенттин кийинки чакырылышынын 90 депутаты преференциалдык шайлоо ыкмасы менен шайланып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев NewTV телеканылынын 18-февралдагы «Ой-пикир» берүүсүндө билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, 17-февраль күнү ЖК төрагасы, фракция лидерлери жана башка бир топ парламентарийлер чогулуп Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо системасын талкуулашкан. Анда негизги варианттаррдын бири катары преференциалдык ыкманы киргизүү каралды. Эгер бул система кабыл алынса, Кыргызстан боюнча шайлоочу партияга добуш берүү аркылуу партиянын ичиндеги талапкерлерге да добуш бериши керек.

“Талапкер Базар-Коргон болобу, Алай болобу өзүнүн округунан чыга берет. Андан сырткары ага бүткүл Кыргызстан боюнча добуш берүүгө боло турган ыкманы түзүп берип жатабыз. Муну менен эки маселе чечилет. Биринчиден, шайлоо бир мандаттуу болуп калат. Эл өзү каалаган адамды тизмеден тандап алат. Экинчиден, партиялык система калып калат эле, бирок ошол эле учурда партиянын лидерлери болбойт эле. Мындайча айтканда партиядагы алдыңкы 10 адамдын тизмесин түзгөн, “алтын мандаттарды” койгон партиянын боссторунан кутулат элек. Айырмасы жок, биринчи тизмеде турасыңбы же токсонунчубу. Эл тандап алса депутат болуп келе бересиң”, – деди М. Маматалиев.

Белгилей кетсек, Баш мыйзамдын долбоорунда Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны 90го кыскартылган. Конституциялык кеңешме депутаттар кандай ыкма менен шайланып келээрин парламент өзү чечээрин билдирген.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.