Бүгүн эртең менен Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кечээ Баткен облусунун чек арасында болгон окуя боюнча өкмөттүн маалымат берүүсүн өтүнүштү. Жыйынтыгында Баткендеги чырды  угуу боюнча сунуш көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Өкмөт өкүлдөрү саат 11:00 ге чакырылды.

ЖКдагы өкмөттүн өкүлүнүн маалыматына караганда, биринчи вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өкмөт башчынын тапшырмасы менен  Баткенге учуп кеткен. Учурда ал жердеги абал менен таанышууда.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз