Жогорку Кеңешке «Кыргызстан» фракциясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Бектен Сыдыгалиев ант берип, өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.

Ал жакында депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Насыр Мусаевдин ордуна келди.

Бектен Сыдыгалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Антикоррупциялык кызмат түзүлгөндө биринчи жетекчиси болгон. Кийин атайын кызматтын төрагасынын биринчи орун басары кызматын да аркалаган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.