Бүгүн, 11-октябрь күнү парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин эл өкүлү Бакыт Төрөбаев 2017-жылы “Манас” аэропортунан анча алыс эмес жердеги Дача-Суу айылындагы болгон окуяны козгоп чыкты.

“Борттогу экипаждын бирөөсүнүн сөөгү табылбай жатат деген такталбаган маалымат бар. Ошондой эле ӨКМ кызматкерлери 1 саат 40 мүнөт окуя болгон жерге кире алган эмес. Милиция кызматкерлери аймакты курчоого алып, ӨКМди киргизбей койду деген сөздөрдү айтып жатышат”, — деди депутат.

Депутат кулаган учактагы жүк кимге таандык болгонун аныктоо үчүн жасалган иштердин жыйынтыгына кызыкты.

Өз кезегинде парламентке чакырылган УКМКнын төрага орун басары Асылбек Кожобеков азыр жанында маалыматы жок экенин айтып, тактагандан кийин суроого жооп берерин кошумалады.

Эске салсак,  2017-жылы 16-январда Түркиянын ACT Airlines компаниясына таандык Boeing 747 учагы Дача айылына кулаган. Кырсыктан экипаждын төрт мүчөсүн кошкондо 39 адам каза болуп, дагы 15 киши жабыркаган. Кырсыктын чоо-жайын иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Андан сырткары, маркумдардын жакындары менен жабыркагандарга жардам берүү үчүн атайын комиссия иш алып барган.

Ошондой эле ал арада учактагы жүк Кыргызстандын жогорку кызмат адамдарына таандык деген сөздөр социалдык тармактарга жайылган.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз