Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп, анда Сооронбай Жээнбековдун отставкасы каралды. Жогорку Кеңешке келген Сооронбай Жээнбеков депутаттардын алдында сүйлөп жатып 6-октябрдагы окуядан кийин өлкөнү мыйзам нугуна кайтаруу, элдин тынчтыгы үчүн болгон күч-аракетин жумшаганын айтты. Жарандык коом менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын аракети үчүн ыраазычылык билдирди. Бишкек шаарын кайтарган элдик кошуунчуларга рахматын айтты. Орусия, Казакстан, АКШ, Британия өлкөлөрүнө, Бириккен улуттар уюмуна, Европа Биримдигине кайдыгер карабагандыгы үчүн ыраазычылыгын айтты. Элдин биримдиги, ар бир адамдын өмүрү кызмат ордунан кымбат экенин белгилеп, “Кудай алдында жана элдин алдында жүзүм жарык”,- деди. Жаңы бийликке ийгилик каалап, Кытай менен байланыштырган темир жолун куруу боюнча иш башталганын, бул долбоор Кыргызстан үчүн керек экенин айтып, аны ийгиликтүү ишке ашырууга чакырды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.