ЖК депутаттары Чаткал районунун Терек – Сай айылындагы митингдерден улам ал ишти жалпы жыйында кароо керектигин айтып келген эле. Учурда ЖКнын жалпы жыйынына Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов чакырылып, маалымат берүүдө.

Анын маалыматтарына караганда,  Терек-Сай айылында бейбаштык боюнча 2 , ал эми сурманы мыйзамсыз казуу боюнча 4 окуя катталган. Учурда ал жерге укук коргоо кызматкерлеринен  2 пост уюштурулуп, иш жүргүзүшүүдө.

Мындан сырткары жергиликтүү 16 тургун бейбаштыкка байланыштуу камакка алынган. Сот 6 адамды 9 айга, 9 адамды 6 айга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Эске сала кетсек, аталган райондогу элдердин нааразычылыгынан улам айрым саясатчылар митингичилерди колдошоорун билдиришип, жеке билдирүүлөрүн таратышып келет. Мындан улам ал жердеги элдин талабы саясатка айланып бара жатканын айтып чыгышкандар да жок эмес.

Жыйын суроо жооп иретинде уланууда.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз