Орусиянын Либерал-демократтар партиясынын лидери Владимир Жириновскийдин мавзолейде сакталып турган Лениндин сөөгүн сатуу керектигин билдирди. Бул туурасында ал өзүнүн твиттер баракчасына жазып чыкты.

Саясатчынын айтымында, мындан өлкө казынасына көп акча түшүүсү мүмкүн.

“Францияда бир бизнесмен атактуу “Жоконда” сүрөтүн сатууну каалап жатат. Биз Лениндин катырылган сөөгүн сата алабызбы? Сатып алуучу табылат. Кытайдан, Вьетнамда же болбосо кандайдыр бир коммунистердин ичинен. Ленин болгону 96 жыл мурда катырылган. Сөөгү азыр жакшы абалда”,- деди Жириновский.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.