«Женго» каймана аты бар уюшкан кылмуштуу топтун мүчөсү Кадыр Досонов УКМКнын Оштогу башкармалыгына өзү барды. Бул тууралуу Досоновдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева билдирди. Анын айтымында, Досоновду убактылуу кармоочу жайга киргизишкен. Сот бүгүн анын баш коргоо чарасын карамакчы. Маалыматка ылайык, Кадыр Досонов жер тилкесин мыйзамсыз басып алуу боюнча суракка чакырылган. Анткени анын мурунку жубайына тийиштүү үй кошунасынын жер тилкеси тарапка мыйзамсыз кирип кеткен деп айтылууда.

Белгилей кетсек, кечээ УКМК билдирүү таратып, Кадыр Досоновго 2020-жылдын ноябрында издөө жарыялаганын айткан. Кримтөбөл «Женго» Ошто милиция Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө шектелип 2017-жылы кармалган. Бирок былтыр эркиндикке чыккан болчу.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.