Улуттук Гвардияга  бир жылда жазгы жана күзгү чакыруу менен өлкөбүздүн жети облусунан жоокерлер тандалып алынат. Ага бардык эле атуул кызмат өтөй албайт. Тандалган жоокер орто билимдүү, бою 180 сантиметрден кем эмес, сырткы келбети жагымдуу, ден соолугу чың, үй-бүлөсүндө соттолгондор жок болуусу керек.  Желекти катардагы жоокер кайтарбайт. Ал үчүн да бир нече ай даярдыктан өтөт. Дагы кандай талаптарга жооп берүүсү керек экендиги жөнүндө маалымат алып, аянттагы жоокерлер менен биздин кабарчылар баарлашып келди.