Дүйнө жүзүнө белгилүү кытайлык жана америкалык актер Жеки Чан өзүнүн “Never Grow Up”  (” Эч качан картайба”) мемуарында өмүрүндө болгон чындыктарды  болгонундай айткан. Мисалы, ал начар ата экендигин, ошондой эле аялдарга терс көрс карашта болгонун мойнуна алган, деп жазды Daily Mail порталы.

Актер китебинде арак көп ичкенин, өзүнүн баласына зордук-зомбулук көрсөткөнүн да жашырган эмес. Ал мас учурда рулга көп ирет отуруп, кээде бир күндө эки кымбат унааны  талкалоого жетишчү.

“ Акча, жокчулук турмушта өскөн адамга ишенимдүүлүк берет. Айланамда көп адамдардын болгону мага жакчу, ар дайым чоң компания менен тамак жечүмүн. Он жыл мурун бир жылдын ичинде башка эле адамдардын тамагы үчүн 2 миллион акча сарптагам. Мен баалуу сыйлыктарды бергенди жакшы көрөмүн, мисалы: автоунаа, саат, колдо тигилген кымбат курткалар, каропкасы менен шараптарды”, – дейт Жеки Чан.

Мындан тышкары, актер биринчи аялынан дайыма акчаны бекитип койгонун айткан. Себеби, ал кызга менин акчам  гана керек деп ойлочу. Бирде, аялы менен урушуп жатып катуу жини келип, кичине уулу Джейсини ыргытып жиберген. Кийин жубайынын көзүнө чөп салып, бир актриса менен жолугушуп жүргөн.

“Мен жакшы ата же жакшы күйөө болгон жокмун, бирок мен аларды эч нерсеге муктаж кылбадым”,- дейт актер.

Ал бул жаман кылыктарды өзүнө-өзү баш ийбегендиктен  жасаганын кошумчалаган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.