Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июлда  жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку балл алган бүтүрүүчүлөргө алтын сертификат менен ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Мамлекет башчысы акыркы убактарда бюджеттик негизде окуган студенттердин жетишүүсү кескин түрдө жогорулап жатканын айтып, ЖТР эң ириде алыскы райондордун, айылдын бүтүрүүчүлөрүнүн жогорку билим алуусуна жакшы шарт түзүп жатат деп баалады.

«Быйылкы жылдагы жалпы республикалык тестирлөөдө  алтын сертификат жана эң жогорку балл алгандардын  57 пайызы региондордун бүтүрүүчүлөрү экенин канааттануу менен белгилейм. Бул ийгилик — силердин талантыңардын, көп жылдык эмгегиңердин, окууга болгон жоопкерчиликтүү мамилеӊердин жемиши. Силерге билим берген мектептин педагогикалык жамаатына жана силерди билимге ынтызар кылып тарбиялаган ата-энеңерге терең ыраазылык билдирем”,-деди Жээнбеков.

Ошондой эле акыркы убактарда Кыргызстанда агрардык өнөр жай, маалыматтык технология, энергетика, туризм жана жеңил өнөр жайы багытындагы адистер көп талап кылынып жатканын белгилеген өлкө башчысы бүтүрүүчүлөр тандап алган кесип эмгек рыногунун керектөөсүнө дал келет деген ишенимин билдирди.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда быйылкы жылы жалпы 44 миң 289 бүтүрүүчү тестирлөөгө катышкан. Алтын сертификатка ээ болгон бүтүрүүчүлөрдүн 60 пайызы аймактагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү. Алтын сертификатка 52 бүтүрүүчү жетишкен.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз