Бүгүн, 11-июлда Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугат. Бул тууралуу Орусиянын президенттик сайты жазды.

“11-июлда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Москвада боло турчу кыска мөөнөттөгү иш сапарынын алкагында Владимир Путин менен жолугушат”, — деп билдирет Кремлдин басма сөз кызматы.

 

Кошумчалай кетсек, президент Жээнбеков 9-11-июль аралыгында расмий сапар менен Швейцарияга барды.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз