Кечээ, 9-февралда Сооронбай Жээнбеков Орусиянын Сочи шаарына болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчылары эки тараптуу маселелерди сүйлөшүштү. Мындан тышкары, жолушуунун жүрүшүндө Путиндин Кыргызстанга боло турган сапарына даярдык тууралуу да сөз болгон.

Владимир Путин Сооронбай Жээнбековго анын чакыруусун кабыл алып, Сочиге кыска, бирок абдан мазмундуу иш сапары менен келгенине ыраазычылык билдирди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз