Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 10-январь күнкү референдумда президенттик башкаруу тутумун тандап добуш бергенин журналисттерге айтты. Анын добуш берүүгө байланыштуу кыска комментарийи жазылган видео интернетте тарады. Бишкектеги №5 мектептин имаратындагы добуш берүү тилкесине жансакчылардын коштоосуна келген Жээнбеков референдум жана президенттик шайлоого байланыштуу кеңири комментарий берген жок.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.