Президент Сооронбай Жээнбеков “Казакстан Республикасынын туңгуч президенти — элбашы Нурсултан Назарбаев” ордени менен сыйланды. Бул тууралуу Акорда сайты кабарлады.

Сыйлык Евразиялык интеграциянын 25 жылдыгын белгилөө жана Евразиялык экономикалык биримдик келишимине кол коюунун 5 жылдыгынын урматына, ошондой эле, казак өлкөсү менен мамилени тереңдетүү жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыйгарылды.

Ошондой эле, аталган сыйлык Владимир Путин менен Александр Лукашенкого да берилет.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.