Президент Сооронбай Жээнбеков Германияда окуп жана иштеп жаткан кыргызстандыктар менен Мнюxен шаарында жолугушту. 

Мамлекет башчы жогорку деңгээлдеги жолугушуулардан тышкары мекендештер менен жолугушуу анын расмий визитинин негизги максаттарынын бири экенин белгиледи.

Германиядагы мекендештер Мамлекет башчысына негизинен виза, билим берүү, саламаттык сактоо, улуттук маданиятты, адабиятты, анын ичинде Ч. Айтматовдун чыгармаларын жайылтуу, Кыргызстан менен Германия ортосундагы эки тараптуу мамилелерди күчөтүү, эки өлкө ортосунда түз каттамды ачуу маселелерине байланыштуу суроолорду беришти.

Мекендештердин суроолоруна Жээнбеков, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, КР Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Германиядагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эринес Оторбаев, КР экономика министри Олег Панкратов жооп берди.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз