Учурда Атамбаевге байланыштуу 5 кылмыш иши боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп, дагы башка кылмыштардын изи чыгып жатканын өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков ЖКнын кезексиз жыйындында билдирди.

Президент азыр парламенттин кезексиз жыйынына катышууда. Атайын операция учурунда каза болгон аскердин жакындарына көңүл айтып, жүрөгүү ооруп турганын билдирди.

Ошондой эле Алмазбек Атамбаев мыйзамды одоно бузганын дагы бир жолу кайталады.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз