Алмазбек Атамбаев буга чейин күбө катары чакырылса, эми тергөөгө оор кылмышка шектүү катары чакырылат. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин кезексиз чогулган жыйынында айтты

«Алмазбек Атамбаев мурда күбө катары чакырылса, эми оор кылмыштарга шектүү катары чакырылат»-деди өлкө башчысы.

Президент өз сөзүндө, Атамбаев сурактан качып, мыйзамсыз кадамдарга барганын кошумчалалды:

«Буга чейин кадыр-барктуу көп саясатчылар суракка чакырылган. Бирок алар мынтип жашынып, сурактан качышкан эмес»-деди Жээнбеков.

 

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз