Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда  Япония, Гана, Испания Королдугу, Молдова, Шри-Ланка Республикасы жана Бахрейн Королдугунун атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Мамлекет башчысы ар бир элчини жеке Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердигинин башталышы менен куттуктап, алардын кесиптик тажрыйбасы өлкөлөр ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүнө көмөктөшөрүнө ишенимин билдирди.

Президент дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жаңы башчылары менен өлкөлөр ортосундагы кызматташуунун азыркы абалын жана артыкчылыктуу багыттарын талкуулап, кыргыз тараптын соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, саясий чөйрөлөрдө жана ошондой эле инвестицияларды тартуу жана ишкерликти колдоо маселелеринде эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдарлыгын кошумчалады.

Ошондой эле эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында өлкөлөр менен мамилелерди тереңдетүүгө даяр экенин баса белгиледи.

На изображении может находиться: 2 человека, костюм

На изображении может находиться: 2 человека, люди улыбаются, люди стоят

На изображении может находиться: 2 человека, костюм

На изображении может находиться: 2 человека, костюм

На изображении может находиться: 1 человек, в помещении

На изображении может находиться: 2 человека, люди стоят и костюм

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.