УКМК башкы тергөө башкармалыгы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматкерлерине карата козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында  ЖАМК көчмө механизацияшкан колоннасынын жана “САСЭМ” жабык акционердик коомунун оңдоп-түзөө ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Анын жыйынтыгында, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке ири өлчөмдөгү, тактап айтканда 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.