Мурдагы башпрокурор Аида Салянова аялдар абагында, Улан Саляновдун өлүмүн уюштурду деп айыпталып кармалган жаран ага эч кандай коркунуч жарата албайт. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматында, 1983-жылы туулган А. А., аттуу жаран Бишкектеги №1 тергөө абагынын эркектер кармалган корпусунда. Ал 2019-жылдын 22-майында СИЗОго алынып келинген.

Ал эми Аида Салянова аялдар кармалган корпуста. Анын жанында «алдамчылык» беренесине шектелип жаткан 1992-жылы туулган кыз бар.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов парламент жыйынында Аида Салянова Бишкектеги №1 тергөө абагында өзүнүн бир тууган инисинин өлүмүн уюштурган адам менен бир жерде отурганын айтып, бул ага болгон психологиялык басым деген эле.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз