Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 2000-жылы туулган Э. А. аттуу жигит көлгө чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.

Окуя кечээ, 18-июлда болгон. Жаш жигиттин көлгө чөгүп кеткени боюнча 112 кызматына келип түшкөн маалыматтын негизинде 4 куткаруучу тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында, кечки саат 19:40та маркумдун сөөгүн көлдөн алып чыгышып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз