Бишкекте  “Манас” эпосун белгилөө күнүнө карата “Жаш манасчы” жана “Үйрөнчүк манасчы” сынактары жарыяланып, райондук сынактардан алдыңкы орундарга ээ болгон жаш манасчылар шаардык сынакка катышты. Мындай маалыматты мэриянын маалымат кызматы билдирди.

“Жаш манасчы” сынагында № 49 (баш байге – Адилетов Кутман), № 107 (1-орун-Латипжанова Асия), № 52 (2-орун-Искендеров Дастан), № 66 (3-орун Аралбеков Муслим) балдар бакчаларынын тарбиялануучулары жана № 38 (баш байге-Орозгелдиев Эрбол), № 83 (1-орун-Жумаева Ажар), № 93 (2-орун-Нурдин уулу Эрмек), № 82 (3-орун-Эркинбеков Улукмырза) жалпы билим берүү мектептеринин окуучулары алдыңкы орундарга ээ болушту.

Ошондой эле № 78, 42, 56, 73, 20, 32, 53 жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары сынакка жигердүү катышып, өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүштү.

“Үйрөнчүк манасчы” сынагында № 71 мектеп-интернатынын мугалими Беккелди уулу Билимбек (баш байге),  № 182 балдар бакчасынын музыка мугалими Мамаева Динара (1-орун), Свердлов районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери Көбөгөн уулу Жолдошбек (2-орун), “Тазалык” МИнин аймакты тазалоочусу Алгожоев Теңирберди (3-орун), № 2 муниципалдык аймактык башкармалыктын адиси Орозбек кызы Нуриза (4-орун) алдыңкы орундарга ээ болушту. Бардык катышуучуларга грамоталар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз