Жарандар өзгөчө абал режими киргизилгенден тарта күндүзү саат 7:00дөн 20:00гө чейин үч себеп боюнча гана көчөгө чыга алышат.

Алар – дүкөндөн азык-түлүк сатып алууга, дарыканадан дары-дармек сатып алууга, дарыгерге, дарылоо процедураларына баруу.

Бул тууралуу Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Өзгөчө абал режими мезгилинде ишке тартылган кызматкерлер үчүн гана чектөө жайылбайт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.