Бүгүн эрте менен жапон өкмөтү толук курамы менен отставкага кеткени маалым болду. Бул тууралуу Россиянын Маалымат Агенствосу жазды.

Премьер-министр Синдзо Абэ өкмөт мүчөлөрүнөн отставка тууралуу арызды өзүнүн иш бөлмөсүндо алган. Кызматтан кетүүнүн себеби, өткөн жылы октябрь айында Жогорку палатага шайлоонун өтүшү менен байланыштуу. Бүгүн күндүн экинчи жарымында жаңы өкмөттүн курамы белгилүү болот. 13 адам өкмөттүн курамында жаңы шайланат.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз