Президент Садыр Жапаров 16-майда Москвада Орусиянын башчысы Владимир Путин менен жолугушту. Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, Тет-а-тет форматындагы жолугушууда өлкө лидерлери кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын талкуулашты.

Путин эки өлкө ортосундагы мамилелер жалпысынан позитивдүү өнүгүп жатканын, былтыр товар жүгүртүүдө олуттуу өсүш болгонун, Орусия Кыргызстандын товар жүгүртүүсүндө ишенимдүү биринчи орунда турарын айтты.

Жапаров Орусия менен бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууга даяр жана кызыкдар экенин билдирди. Кыргызстандын президент баштаган расмий делегациясы Москвага Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кезектеги саммитине катышуу үчүн барган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.