Өкмөт жаштарды душман көрбөй, келечек үчүн даяр кадр кылып өстүрүшү керек. Бул туурасында бүгүн эл өкүлү Жанар Акаев ЖКнын жыйынында өкмөттөгү бош калган кызмат орундарына талапкерлерди дайындап жатканда билдирди.

“Бир министрлик бошосо, эл өзүнүн талапкерлерин түртүп баштады. Анткени, өкмөттөн чын эле элга жакын талапкерлер аз болуп жатат деп ойлойм. Жаш талапкер Тилек Токтогазиев чыгып жатат. Мүмкүн болсо аны душман көрбөстөн, тескерисинче ошол тармакка тартып, келечек үчүн кадр кылып өстүрүп чыкканга сиздер аракет кылышыңыздар керек. Дастан Догоев жөнүндө да коомдук пикир жакшы. Соңку мыкты дайындоолордун бири болуп жатат”,- дейт Акаев.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз