Депутат Жанар Акаев: “Бүгүн, эртең А. Атамбаевдин жоопкерчилиги Жогорку Кеңеште каралат. Буга чейин депутат И. Масалиев бир, эки депутат менен экс – президенттин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзамды даярдап жатышкан. Анын айрым бир толуктоолору бар экен. Жаңы жылга чейин бул иш аякташ керек.

Бирок, коомчулукта президентти жопкерчиликке тартса болот турбайбы- деген түшүнүк пайда болот. Өлкөбүздүн президенттери ишенимдүү адамдарыбызды мураскер кылбасак жоопко тартылып калбайын деп, мураскер таштаганга аракет кыла баштайт. Бул терс жагы.

Президенттикке талапкерлерге бирдей шарт түзүлүп, атаандаштыкта элдин элегиндеги шайлоо болгондо мындай болбойт эле” – деди, “Азаттык” радиосуна берген маегинде..

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.