Учурда Жогорку Кеңештте ЖЭБдеги коррупциялык иштер боюнча тергөө аяктап, сотко өткөндүгүнө байланыштуу талкуу уланууда. Талкууга Башкы прокурор Ө. Жамшитов жана башка күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышууда.

Жыйын суроо – жооп иретинде уланууда.

Депутат Т. Икрамов: – ЖЭБди модернизациялоонун алкагында Бишкекте мектепти курууга  2 млн. доллар бөлүнгөн. Мындан сырткары мамлекеттик казынадан дагы 104 млн. сом мектептин курулушуна жумшалган. Ал эми алты айдан кийин мектептин сапаты начар экендиги аныкталган. Бул боюнча кандай иштер жүргүзүлдү?

Ө. Жамшитов:  “Мектепти куруу ишинде баардык талаптар бузулган. Бул мектепке кеткен акчага 3 мектеп салып койсо болмок.

Туура ТВЕА компаниясы эки мектеп салуу үчүн модернизациялоодон 2 млн. сом бөлүп берген. Бири республиканын түштүгүндө, бири түндүгүндө курулушу керек болчу. Бирок, мурдагы мэр К. Кулматовдун президентке жазган катынын негизинде Бишкек шаарына мектеп курулушу керектиги чечилген. Бир эле мектепти курушкан. Азыркы күндө бир нече адамдарга бул коррупциялык аракеттер боюнча кылмыш иши козголгон” -деди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз