Бүгүн, 25-мартта өз ыктыяры менен түзүлгөн жогорку даражалуу дарыгерлер тобубир айга Жалал-Абад облусунун ооруканасына эпидемияга каршы дарылоо иш-чараларды аткарууга учуп барышты. Бул туурасында Республикалык штабдан билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлерди бардык керектүү коргоочу каражаттар (костюмдар, беткаптар, көз айнек, колкап ж.б.) ошондой эле, иш сапардын аягына чейин тамак-аш менен камсыз кылды.

Иш сапар чыгымдары, кошумча төлөмдөр, эмгек акысын сактоо КР мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат, ошондой эле эпидемиологиялык фонддон кошумча төлөмдөр жүргүзүлөт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.