Алдамчылыкка шектелип, Жалал-Абад облусунун 1997-жылы туулган Б.Р. аттуу жараны кармалды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, ноябрь айында шектүү жаран Чүй облусунун жашоочусунун ишенимине кирип, 1000 доллар жана 92 миң сом өлчөмүндөгү акчасын алып, изин жашырып качып кеткен.

ИИМ билдиргендей, кылмышка шектүү жабырлануучунун кыймылсыз мүлк боюнча көйгөйүн чечип берем деген.

Б.Р аттуу жаран буга чейин да бир нече жолу соттолуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турган.

Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүрүүдө.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз