Кечээ, 23-май күнү саат 20:30да Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

“Жер титирөөнүн очогу Жаз-Кечүү айылынан 2 чакырым түндүк-чыгыш, Кызыл-Үңкүр айылынан 10 чакырым чыгыш, Көсө-Терек айылынан 12 чакырым түштүк-чыгыш, Кара-Көл шаарынан 50 чакырым түштүк-чыгыш, Жалал-Абад шаарынан 51 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан. Калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү – Жазы-Кечүү айылында – 4 балл, Кызыл-Үңкүр, Көсө-Терек, Ак-Булак айылдарында – 3 жарым баллга чейин сезилди”, – деп жазылат билдирүүдө.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.