Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө саат 20:28де Жалал-Абад облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жер силкинүү Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун Күмүш-Азиз, Жийде, Бек-Абад айылдарында 4 балл, Октябрь, Багыш, Таш-Булак, Жар-Кыштак, Бостон айылдарында 3,5 балл жана Базар-Коргон районунун Жаңы-Акман айылында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.